14-июндан тарта Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча поезд жүрө баштайт

Поезд 14-июндан 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. 15-июлдан тарта августтун аягына чейин күн сайын жүрмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 14-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы ишке кирет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Билдирмеге караганда, поезд 14-июндан 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. 15-июлдан тарта августтун аягына чейин күн сайын жүрмөкчү.
"Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жетип калат. Балыкчыдан кайра саат 18:12де чыгып, Бишкекке 22:18де келет. Поезддин ичинде кондиционер, жумшак отургучтар, дивандар жана буфет бар", — деп жазылат кабарда.
Баасы:
кадимки вагондордо 5 жашка чейинки балдарга акысыз;
5-10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом;
10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 150 сом.
люкс вагонунда деле 5 жашка чейинки балдарга акысыз;
5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 250 сом;
10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө 500 сом.
VIP-вагондо 5 жашка чейинкилерге акысыз;
5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 400 сом;
10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 800 сом.
Кол жүгүн жеткирүү акысыз.
Толук маалыматты (0312) 30-02-09, 92-68-54,92-68-40, 0 705 07-66-96 телефондоруна чалып билсе болот.
Бишкектеги 15 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Тизме