Башкы прокурор Максат Асаналиевдин орун басарлары дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Максат Асаналиевдин биринчи орун басары жана орун басары дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Баймурза Маатов дайындалды.
Маатов 2022-жылы марттан тарта Балыкчынын прокурору болгону, ага чейин Баткен облусунун, Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп иштегени, Ош облусунун прокуратурасынын начальниги катары эмгектенгени маалым болду. Ал эми Малик Бектурганов башкы прокурордун орун басары болуп келди. Ал 2022-жылы майда ротация менен Ош шаарына прокурор болуп барган.
Ушул жумада башкы прокурор болуп Курманкул Зулушевдин ордуна Максат Асаналиев дайындалган.
Башкы прокурорлукка талапкер Максат Асаналиев тууралуу эмне белгилүү? Өмүр баяны