Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

Аял оор абалда ооруканага жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Жол кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 8-июнь күнү таңкы саат 04:40 чамасында болгон.
"Анда ак түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа Москва — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен 64 жаштагы аялды сүзүп качып кеткен. "Тазалыктын" кызматкери оор абалда ооруканага жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда айдоочу изделип жатат. Жол кайгуул милициясы аталган окуянын күбөсү болгондор чыкса 102 же 031253-01-81, 996509102122 (WhatsApp) телефондоруна чалып, жазып коюуну өтүнөт.
Үрөй учурган ирмем. Бишкек — "Манас" аэропорту жолундагы автокырсыктын видеосу