АКШ Путиндин өзөктүк куралга жол берилбестиги жөнүндө сөздөрүн олуттуу кабыл алган

Президенттин атайын жардамчысы АКШнын администрациясы Путин бул позицияны мындан ары карманат деген үмүттө экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. АКШ Россиянын президенти Владимир Путиндин өзөктүк куралды колдонууга жол берилбестиги жөнүндөгү сөздөрүн олуттуу кабыл алды. Бул тууралуу Америка президентинин атайын жардамчысы, Улуттук коопсуздук кеңешинин улук директору Пранай Вадди РИА Новостиге билдирген. https://ria.ru/20240607/yao-1951557638.html

"Албетте, биздин кабарыбыз бар. Биз Россия лидеринин, президентинин айткандарын олуттуу кабыл алабыз", — деген Вадди.

Ал АКШнын администрациясы Путин бул позицияны мындан ары карманат деген үмүттө экенин кошумчалаган.
Жума күнү Путин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда Россия өзөктүк курал менен коркутпай турганын, мамлекеттин көз карандысыздыгына коркунуч жаралганда гана өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айткан.
Никарагуа президентинин кеңешчиси: Россия дүйнөнү нацизмден бошотууда