9-июнга карата аба ырайы

9-июнда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жекшембиде республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, ала булут капташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 32…37, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 22…+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 34…36 градуска чейин көтөрүлөт.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы