Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Ысык-Көлдөгү туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлери толугу менен даяр. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда кызматкерлерге гарнизондук саптык кароо өткөрүлгөн. Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Мурат Боронов жана башка жетекчилер катышкан.Урмамбетов гарнизондук саптык кароону өткөрүүнүн негизги максаты 2024-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгилеген.“Былтыр өлкөбүзгө 10 миллиондон ашуун турист келсе, быйыл андан көп келүүсү күтүлүүдө. Бул артыкчылыкты жогорулатуу жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардын милдети экендигин билдирем. Туризм жаатында жагымдуу шарттарды түзүү негизги приоритет катары ишке ашырылууда”, — деген Урмамбетов. Ал республиканын аймагында 4 миңден ашуун видеокамера күнү-түнү иштеп жатканын, кызматкерлер 1 миң 220 боди-камера менен камсыздалганын айткан. Анын ичинде Ысык-Көл облусундагы аймактык тескөөчүлөргө кошумча 136 боди-камера берилген.Ал ошондой эле республика боюнча коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун беш миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте камсыздай турганын кошумчалаган.
энергетика министри Таалайбек Ибраев Санк-Петербург шаарында "Газпром" ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу "Санкт-Петербург эл аралык экономикалык" форумунун алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын калкын газ менен камсыз кылуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптардын сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстандын калкын жаратылыш газ менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү эки келишге кол коюлду.Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллерге Кыргызстан менен Россиянын отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Бул боюнча президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон. Ал эми министрдин милдетин убактылуу аткарып туруу үчүн Жылдыз Полотова дайындалган. 49 жаштагы Полотова буга чейин Баатырованын орун басары болуп иштеп келген.Баатырова бул кызматка 2023-жылдын сентябрь айында бекитилген. Ага чейин саламаттык сактоо министри болуп да иштеген.
Петербург эл аралык форуму — 2024 өз милдетин так аткарып, Россиянын күчүн дүйнөгө далилдеди. Бул тууралуу РИА Новостиге иш-чара маалында Индонезиянын саясат, аскер жана чалгындоо иштери боюнча аналитиги Бакри Раха кундини Конни билдирди. Адис Россиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө Россиянын келечеги үчүн эки маанилүү жагдайды — "таланттардын эгемендигин", ошондой эле ата мекендик илимге жана жогорку технологиялардын бюджетин көбөйтүүгө басым жасай турганын белгилегенин кошумчалаган. Конни айтылгандар Россияны күчтүү жагынан көрсөтөрүн айткан. Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июндан 8-июнга чейин өтөт.