Жаңы рекорд. Жыл ичинде Улуттук банктын резерви 1,2 млрд долларга өстү

Акыркы убакта өлкөнүн башкы банкынын алтын валюта резервдери активдүү өсүүдө. Май айында эле 61,7 миллион долларга көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Улуттук банктын алтын валюта (эл аралык) резервинин көлөмү майдын аягына карата 3 миллиард 718,8 миллион доллар деп бааланды.
Башкы банктын маалыматына ылайык, бир айда суммасы 61,7 миллионго өскөн.
Эгер бир жылдыкын карай турган болсок, 2023-жылдын май айына салыштырмалуу резервдер 1 миллиард 310,6 миллионго көбөйгөн.
Бул көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат. Мурдагысы ушул жылдын апрель айынын аягында 3 миллиард 657,1 миллион болуп катталган.
Белгилей кетсек, май айында Улуттук банк эки жолу чет элдик валюта сатып алган (жалпы 49,2 миллион доллар).
Кыргызстанга рублдин, доллардын, евронун агымы көбөйдү