Кадрларды таап, окутуп беребиз. Министрлик жумушчу издегендерге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жумуш берүүчүлөр 1899 телефону аркылуу бош жумуш орундары боюнча билдирүү калтыра алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирип, иш берүүчүлөрдү активдүү кызматташууга чакырды.
"Министрлик иш берүүчүлөргө керектүү кадрларды табууга жардам берүүгө даяр. Ал үчүн жумуш берүүчүлөр 1899 номери боюнча же zanyatost.kg порталына онлайн-билдирүү калтырса болот. Мындан тышкары, калкты иш менен камсыз кылуунун аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик зарылдык болсо жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү акысыз курстар аркылуу талап кылынган адистиктерге окутуп беришери кошумчаланган.
Буга чейин Садыр Жапаров жумушчу күч жетишпей жатканын, иш таппай жүргөндөрдү 20-30 миң айлыгы бар жумушка чакырган. Кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 1899 номери аркылуу бош жумуштар боюнча маалымат алса болорун билдирген.
Байсалов сырттагы мигранттардын саны дээрлик 300 миңге кыскарганын айтты