Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Россиянын аймагына сокку уруу Батышты согушка тартарын айтты

Жо Байден Украинага АКШ куралы менен Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү чечими боюнча комментарий берген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Россиянын аймагындагы буталарга Американын куралы менен сокку урууга уруксат берүү чечими Батышты жаңжалга тартышы мүмкүн экенин моюнга алды, бирок окуянын мындай өнүгүшү күмөн деген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал иш сапары менен Францияга барганда ABC телеканалына маек курган. Анда журналист Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү чечими Батышты, анын ичинде АКШны жаңжалга тартпайбы деген суроо узаткан.
"Теориялык жактан ошондой болушу мүмкүн, бирок окуянын андай өнүгүшү күмөн", — деп жооп берген Байден.
Буга чейин бир катар ЖМКларга Украина Россиянын аймагына АКШ берген курал менен сокку урганы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок муну Пентагон тастыктаган эмес.
Шаршембиде Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда Украинага алыс аралыкка атуучу курал-жарактарды бергендерге Москва тиешелүү жооп кайтара аларын билдирген. Мамлекет башчысы Россия Киевди ракета менен камсыздаган мамлекеттердин "сезимтал" объектилерине сокку урууга мүмкүн болгон аймактарга курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын кошумчалаган.
Акыркы убактарда Киевге бир нече Батыш өлкөсү куралы менен Россияга сокку урууга уруксат берди. Атап айтканда, АКШ Украинага берилген курал менен Харьков облусуна чектеш Россиянын аймагындагы буталарга сокку урууга макулдук берген. Ошол эле учурда Вашингтон ATACMS ракеталары жана башка алыс аралыкка атуучу курал менен Украинанын чек арасынан тышкары жакка сокку урууга салган тыюусун күчүндө калтырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"АКШ жетиштүү уруксат бербей жатат". Зеленскийдин чабуул боюнча нааразылыгы