Садыр Жапаров: Асман шаарынын курулушу башталды

Президент бул жашыл энергетика менен жарыктандырылган экологиялык таза шаар болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Асман шаарынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушканда айтты.
Президент бир жылдан бери долбоор талкууланып отуруп, соңунда Ысык-Көлдү булгап албоо үчүн жашыл шаар куруу чечими кабыл алынганын белгиледи. Айтымында, Асманда электромобилдер менен электробустар гана жүрөт. Шаар шамалдан, күндөн, суу ГЭСтеринен алынган электр кубаты менен жарыктандырылат.

"Асман – бул абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган шаар болот", — деди Жапаров.

Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна капсула салган. Аны сала турган инвесторлор бул шаар "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан. Мындан тышкары, шаардагы бардык таштанды кайрадан иштетилип турары, Ысык-Көлдүн ортосуна жасалма арал курулуп, шаарда жети жылдыздуу мейманканалар, казино, ири университеттер, музейлер, мечиттер, ооруканалар, гольф талаалары, жогорку ылдамдыктагы поезд, стадион, ипподром иштей турганы белгиленген.
Садыр Жапаров: Асман шаарынын курулушу он чакты күндөн кийин башталат