Путин: дүйнөлүк өнүгүү борбору Азияга ооп баратат, Россия ага жакын болушу керек

Россия лидери бир кездерде дүйнөнүн өнүккөн борборлору Европада болгонун, Петр Биринчи ошондуктан ага жол ачканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк өнүгүү борборлору Азияга ооп баратат, Россия ага жакын болушу керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) пленардык жыйынында айтты.

"Бир кездерде Петр I Европага жол ачкан, эмнеге? Себеби негизги өнүгүү ошол жакта болчу... Ал эми бүгүнкү күндө дүйнөнүн өнүгүү борборлору Азияга ооп баратат, албетте, ошол өнүгүү борборлоруна жакын болушубуз керек", — деген Путин.

Ошондой эле ал Россия "үчүнчү борборду" түзүү тууралуу ойлонсо болорун, бирок муну жакшы шарттарды жаратуунун артында гана жасоо керектигин белгилеген.
"Заманбап дүйнөдө натыйжалуу иштей турган каражаттарды колдонуу керек. Биз менталитетибиз боюнча административдик мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууга жакын болсок да, коомго эмнени сунуштай аларыбызды ойлонушубуз кажет. Учурда алдыга умтулуу зарыл. Эгерде өнүгүү үчүн шарттарды түзсөк, анда экономикалык жактан активдешкен борборлор автоматтык түрдө ошол жакка оойт", — деген Россия лидери.
XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат. Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын конок келген. Анын ичинен үч миңдейи — ЖМК өкүлдөрү.
Путин: Борбор Азия өлкөлөрү кысымга алынган, бирок алар чөгөлөгөн жок