Ылдамдык маанилүү эмес! Путиндин Петербургда айткандарынын урунттуу учурлары

Президент Сибирь менен Ыраакы Чыгышты өнүктүрүүгө чакырды. Айтымында, аталган аймактарда пайдалуу ресурстар көп.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Владимир Путин XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөп, бир катар суроолорго жооп берди.
Россия лидеринин айткандарынын урунттуу учурларын беребиз:
Биз өзөктүк курал менен коркутпайбыз. Россия бир гана учурда, мамлекеттин көз карандысыздыгына коркунуч жаралганда гана өзөктүк курал колдонушу мүмкүн. Азыр андай жагдай жок.
Мүмкүн болушунча тез арада миграциялык саясатты талкуулоого кайтуу зарыл. РФке жөн гана эмгек мигранттары эмес, орус тилин, салтын, мыйзамдарын билген квалификациялуу адистер керек.
Россияда кайрадан мобилизация жүргүзүүнүн кажети жок. Быйыл 160 миңден ашык адам ыктыярдуу түрдө атайын операцияга катышуу үчүн келишимге кол койду.
Президент Сибирь менен Ыраакы Чыгышты өнүктүрүүгө чакырды. Айтымында, аталган аймактарда пайдалуу ресурстар көп.
Россия "үчүнчү борборду" түзүү тууралуу ойлонсо болот, бирок муну өнүгүү үчүн жакшы шарттарды жаратуунун артында гана жасоо керек.
Россия жеңишке умтулат жана ага жетет. Ылдамдык маанилүү эмес. Андан да маанилүүсү — фронтто согушуп жүргөн биздин балдардын саламаттыгы менен өмүрүнө кам көрүү.

"Бизди бириктирип турган идея – мекенчилдик, муну фронтко барууну чечкен адамдар тастыктап, үлгү болууда",— деди Путин.

Эске салсак, XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат. Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын конок келген. Анын ичинен үч миңдейи — ЖМК өкүлдөрү.
Путин чет элдик журналисттер менен жолукканда эмне деди? Тезис