Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мобилизацияга зарылчылык жок. Путин ыктыярдуу аскерлер тууралуу айтты

Россия лидеринин айтымында, бул жылы 160 миңден ашык эр-азамат атайын аскердик операцияга өз ыктыяры менен катышууга келишим түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россияда мобилизация жүргүзүүгө эч кандай муктаждык жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди.
"Душманды биздин көзөмөлдө болушу керек болгон аймактан сүрүп чыгаруудабыз. Учурда мобилизация жүргүзүүгө эч кандай зарылчылык жок. Аны пландаган да эмеспиз", — деди Россия лидери.
Президент бул жылы 160 миңден ашык эр-азамат атайын аскердик операцияга катышууга ыктыярдуу түрдө келишим түзгөнүн кошумчалады. 2023-жылы алардын саны мындан да көп болгон.
"Өткөн жылы эч кандай мобилизациясыз эле биздин мекенчил жигиттер аскердик комиссариатка келишип, ыктыярдуу түрдө келишим түзүшкөн. Алардын саны 300 миңден ашкан", — деди Путин.
XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинанын кожоюндары болбогондо Россия тил табышып алмак