Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

New Statesman: көпчүлүк президенттер Украина боюнча жолугушууга барбайт

Глобалдык түштүк өлкөлөрү Батыштын Газа тилкесиндеги жаңжал менен Украинадагы кырдаалга эки башка мамиле жасап жатканын көрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Көптөгөн европалык эмес мамлекеттердин башчылары Украина боюнча Швейцариядагы конференцияга барбайт. Бул тууралуу New Statesman ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.
Буга чейин Politico гезити Түштүк-Чыгыш Азиянын бир катар өлкөлөрү Украинадагы жаңжалдан чарчаганын жазган. Ал эми Киевдин алардын колдоосун алуусуна Газадагы жаңжал тоскоолдук кылууда. New Statesman гезити жазганына караганда, Глобалдык түштүк өлкөлөрү Батыштын Газа тилкесиндеги жаңжал менен Украинадагы кырдаалга эки башка мамиле жасап жатканын көрүүдө.
"Көптөгөн европалык эмес лидерлер Батыштын талаштуу позицияларына нааразылык иретинде Швейцариядагы конференцияга катышпайт", — деп жазды басылма.
Швейцарияда 15-16-июнда Украина боюнча конференция өтөт. 80дей өлкө катышууну ырастады, бирок Россия ага катышпайт. Кремль Украина жаңжалындагы кырдаалды Россиянын катышуусусуз чечүү жолдорун издөө таптакыр логикага сыйбас жана пайдасыз экенин билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ президенти АКШ Зеленскийден качан кутуларын айтты