Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчисин алмаштырды

Мамлекет башчы элчилер боюнча эки жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматынан бошотулду.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Осмоналиев бул кызматты 2021-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү болгон.
Кайрат Осмоналиев КРдин Азербайжандагы элчилигинен бошотулду
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен бул кызматка Максат Мамытканов дайындалды.
Ал — 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын катышуучусу. Бир нече ай вице-премьер болуп иштеп, кийин ЕЭКтин бажы тармагы боюнча министри болгон.
Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат кызматынан бошотулду