РСК банкынын аталышы "Элдик банк" болуп өзгөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн.— Sputnik. Кыргызстандагы "РСК Банкы" ачык акционердик коому фирмалык аталышын өзгөрттү. Мекеме эми "Элдик банк" ачык акционердик коому болуп аталат.
Улуттук банк аты өзгөргөнүнө байланыштуу ААКнын лицензиясын алмаштырды.
Буга чейин РСК банкынын аталышы өзгөрө турганын президент жарыялаган. "Элдик банк" аркылуу мамлекеттик ипотека алгандарга баштапкы төлөм үчүн азан кредиттер берилет.
Улуттук банк эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү