Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия жеңишке умтулат жана ага жетет. Путин атайын аскердик операция тууралуу

Россия лидери фронтто жүргөн жоокерлердин өмүрү маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Владимир Путин ПЭЭФ жыйынында Россия жеңишке жетерин айтты.

"Бардык куралдуу жаңжалдар кандайдыр бир макулдашуулар менен аяктайт. Мага Европа өлкөлөрүнүн биринин мурдагы жетекчиси айткандай, бул макулдашуулар же аскердик жеңилүүгө, же жеңүүгө негизделип түзүлөт. Биз, албетте, жеңишке умтулуудабыз жана ага жетебиз", — деди Путин Украина боюнча суроого жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Россия президенти жоокерлердин өмүрү атайын аскердик операциянын ылдамдыгынан маанилүү экенин белгилеген.
"Ылдамдык маанилүү эмес. Андан да маанилүүсү — фронтто согушуп жүргөн биздин балдардын саламаттыгы менен өмүрүнө кам көрүү. Учурда күрөш жүрүүдө. Ушул жылдын башынан тартып 47 калктуу пункт бошотулду, анын аянты 880 чарчы метрди түзөт. Биз акырындык менен каршылаштарыбызды Донбасстан жана ага жакын аймактардан чыгаруудабыз", — деген Путин.
Мындан тышкары, ал Башкы штабдын атайын пландары бар экенин кошумчалаган. Айтымында, өлкөнүн Коргоо министрлигинин максаттарга жетүү боюнча иш пландары бар, Россия ошол план менен иш алып барып, ийгиликке жетет.
XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Германиянын Украинага ракета берүү чечими боюнча үн катты