Путин: БРИКС Батыштан көз каранды болбогон төлөм системасын түзүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрү Батыштан көз каранды болбогон төлөм инфраструктураларын иштеп чыгууда. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) пленардык жыйынында айтты.
"БРИКС тарабынан саясий басымдарга, тышкы санкцияларга туруштук берген көз карандысыз төлөм системасын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деген ал.
Россия лидери БРИКС катарына башкаларды кошуу жаатында ири мүмкүнчүлүккө ээ экендигин белгиледи.
"Бирикме катарына башкаларды кошуу боюнча ири потенциалга ээ. Биз, албетте, кызыкдар өнөктөштөрдүн БРИКС менен байланыштарды өнүктүрүүгө умтулуусун кубаттайбыз жана колдойбуз", — деди Путин жыйында.
XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат. Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын конок келген. Анын ичинен үч миңдейи — ЖМК өкүлдөрү.
Кызматташалы. БРИКСке ар кыл өлкөлөрдөн 30га чукул кайрылуу түшкөн