Путин АКШ дүйнөлүк экономикага 54,3 трлн. доллар карыз экенин айтты

Россия лидери АКШ дүйнөлүк каржы рыногунда өзүнүн монополиялык абалынан пайдаланып, анын эсебинен олуттуу пайда көрөрүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. АКШ дүйнөлүк экономикага 54,3 триллион доллар карыз. Анын баары эч нерсе менен камсыздалган эмес. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунун жыйынында айтты.
Өлкө башчынын пикиринде, АКШ дүйнөлүк каржы рыногунда өзүнүн монополиялык абалынан пайдаланат, ошонун эсебинен олуттуу пайда көрөт.

"Ачык маалыматтарга караганда, АКШ дүйнөлүк экономикага 54,3 триллион доллар карыз. Анын 12,6 триллион долларын жеке жактар банктык эсептеринде же төшөгүнүн астында басып жатат. Дагы 10 триллионун америкалык компаниялар алган. Ошондо 22,6 триллион доллар Американын экономикасына ишенгенден башка эч нерсе менен камсыздалган эмес. Калган сумма — башка өлкөлөрдүн америкалык компанияларга ишенип салган каражаттары. Ал акчалар ошол компаниялардын ишенимдүүлүгү менен баасына эле таянып турат. Бирок компаниялардын туруктуулугу да барып эле Американын экономикасынан көз каранды", — деди Путин.

Россия президенти АКШ жылына өндүргөн акчасынан 1 триллион долларга көп колдонорун билдирди.
"Бул заманбап неоколониализм да. АКШ доллардын монополиялык абалынан пайдалануу менен өздөрү жылына өндүргөн акчанын суммасынан 1 триллион долларга көп каражат колдонууда. Бул ресурстарды башка өлкөлөрдөн өндүрүп жатышат. Биз мындайга барбайбыз, бизде АКШ долларындай дүйнөлүк валютага монополия жок. Ошондой эле биз эч качан өзүбүздү колониалисттердей же неоколониалисттердей алып жүргөн эмеспиз", — деди Путин.
XXVII Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июнда Санкт-Петербургда башталган. Ал 8-июнга чейин уланат. Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын конок келген. Анын ичинен үч миңдейи — ЖМК өкүлдөрү.
Путин: БРИКС Батыштан көз каранды болбогон төлөм системасын түзүүдө