Темир Сариев: Кыргызстандын ЕАЭБге кириши утуш болду

Темир Сариев бир катар эл аралык уюмдардын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу пикирин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши утуш болду. Бул тууралуу экс-премьер-министр, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, уюмга мүчө болордо терең талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы калктын 86 пайызы жана бизнес ЕАЭБге кирүүнү колдой турганын көрсөткөн.
"Экономика министри болуп турганда ЕАЭБге кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жумушчу топту жетектегем. Кийин өкмөттүн башына келгенде келишимге кол коюп, биздин чек араларды ачуу шыбагасы буюруптур. Учурунда бул идеянын дагы скептиктери болгон. Бул кадамга барардан мурда терең талдоо жүргүзүлүп, анда калктын 86 пайызы жана бизнес ЕАЭБге кирүүнү колдой турганын көрсөткөн. Чын-чынына келгенде, биз уттук. Анткени бул 180-190 миллиондук чоң рынок. Россиянын жан башына ИДПнын үлүшү кыйла жогору, сатып алуу мүмкүндүгү кеңири жана муктаждыктар дагы бар. Мунун баарын жакшы пайдаланышыбыз керек", — деди Сариев.
Ал ШКУ жана БРИКС Кыргызстан менен Россияны күчтөндүрүп, Батыш өлкөлөрүнөн көз карандысыз кылып жатканын белгилеген.
"Батыш либералдык экономиканы жана демократиялык мамилени үгүттөгөнү менен өздөрүн таарынтпайт. Башкаларга келгенде, атаандаштыкты көрсө кандайдыр бир көйгөйлөрдү жарата баштаганын байкайбыз", — деген Сариев.
Ошондой эле ал ШКУ, БРИКС, ЕАЭБ сыяктуу уюмдар альтернатива болуп, Батыштын айрым өлкөлөрүн "соолуктуруп" турарын кошумчалаган.
Радио
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү темпи туруктуу өсүүдө