Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши токтотулду. Тизме

Конок үйлөр, эс алуучу жайлар кемчиликтерин жойгондон кийин туристтик сезонго даярдыгын тастыктаган паспорт берилип, андан соң ишин уланта аларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Мындай чара Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо үчүн кабыл алынганы белгиленди.
Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттар:
"Белек" — Бостери;
"Золотые пески" — Бостери;
"Взморье Сити" — Бостери;
"Асыл-Таш" — Бостери;
"Дальний кардон" — Семенов айылы;
"Смена" — Корумду;
"Ой-Керемет" — Кош-Көл;
"Золотой-Трэбас" — Кош-Көл;
"Улан" балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору — Тору-Айгыр;
"Кооператор" — Чок-Тал;
"Чолпон-Ата" конок үйү — Чолпон-Ата;
"А. Чалжанов" конок үйү — Бактуу-Долоноту.
Тизмедеги кээ бир пансионаттар тазалоочу жайларды курууга киришти. Кемчиликтер жоюлгандан кийин туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берилип, ишин уланта алат.
Ташкент — Чолпон-Ата каттамы боюнча автобустар жүрө баштайт