Радио

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү темпи туруктуу өсүүдө

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо көлөмү көбөйүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр дагы каралып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү динамикасы туруктуу темп менен жогорулап жатат. Өзгөчө жеңил өнөр жай, айыл чарба багыты боюнча көрсөткүчтөр жакшырып жатканын Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн чара көрүү тапшырмасы берилип, мындан аркы кадамдар жасалып жатат.
"2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 3 миллиард долларлык чектен өткөн. Андан бери товар жүгүртүү динамикасы туруктуу темп менен жогорулап жатат. Өзгөчө жеңил өнөр жай, айыл чарба багыты боюнча көрсөткүчтөр жакшырды. Министрлик жүргүзгөн анализдер боюнча өндүрүштүн көрсөткүчү статистикалык маалыматтардан жогору болууда. Алсак, Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо көлөмү кыйла өскөн. Негизи эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн чара көрүү тапшырмасы берилип, мындан аркы кадамдар жасалып жатат", — деди Малаев.
Ошондой эле ал Экономика жана коммерция министрлиги адал индустриясын өнүктүрүүгө басым жасап, экспорттук потенциалды жакшыртууну, эл аралык кызматташтыкты күчөтүүнү колго алып жатканын кошумчалады.