ПЭЭФте Кыргызстандын энергетиктерин Россияда окутуу маселеси талкууланды

"Россети" менен КУЭТ жетекчилери инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду карап чыгышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Россети" КАКтын башкы директору Андрей Рюмин менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын жетекчиси Алтынбек Рысбеков Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кызматташуу келишимин ишке ашыруу жана биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулады. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) ишканасы билдирди.
Тараптар россиялык окуу борборлорунда КУЭТ кызматкерлери үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.
1 / 2

"Россети" КАКтын башкы директору Андрей Рюмин менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын жетекчиси Алтынбек Рысбеков Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кызматташуу келишимин ишке ашыруу жана биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулады

2 / 2

Тараптар россиялык окуу борборлорунда КУЭТ кызматкерлери үчүн билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган

"Россетинин" өкүлдөрү ата мекендик бизнес-процесстерди автоматташтыруу системаларын, анын ичинде RS-20 технологиялык башкаруу платформасына негизделген системаларды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
"Бизди КУЭТ менен узак мөөнөттүү кызматташуу байланыштырып турат. Мында ири электр тармактарынын объектилерин куруу, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашуу камтылган. Биз мындан ары биргелешип иштөөгө, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кесиптештер менен кызматташууга даярбыз", — деди Рюмин.
КУЭТ жетекчиси Россия менен Кыргызстандын энергетикалык компанияларынын ортосундагы мамилелердин өнүгүшү электр энергиясы менен камсыздоону санариптештирүү, автоматташтыруу процессине жаңычыл алдыңкы технологияларды киргизүүдө келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип жатканын белгиледи.
"Биздин кызматкерлерди россиялык борборлордо окутуу адистердин квалификациясын жогорулатууга жана компаниянын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет", — деди Рысбеков.
"Россети" менен КУЭТ 2022-жылы инфраструктураны куруу жана жаңылоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстандын энергетикалык системаларын өнүктүрүү боюнча кызматташууну караган узак мөөнөттүү стратегиялык келишимге кол койгон.
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,5 мегаваттык Барскоон кичи ГЭСи курулат