Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол командасына автобус белек кылды. Видео

Президент Оман курама командасы менен боло турган оюнда жеңиш күтөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бир күн мурун, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши өткөн. Оюндан кийин футболчулар менен жолугуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырган.
1 / 3

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды

2 / 3

Эске салсак, бир күн мурун, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши өткөн

3 / 3

Оюндан кийин футболчулар менен жолугуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырган

"Эмне кылсаңар да Оманды утушуңар керек, жок дегенде тең чыккандай болгула", — деген Жапаров.
КРдин футбол командасы дүйнө чемпионатынын тандоо туруна бүгүн өтө албай калды