Эмгек министри Баатырова кетип, ордуна убактылуу жетекчи дайындалды

Министрдин милдетин убактылуу Жылдыз Полотова аткарып турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул боюнча президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон.
Ал эми министрдин милдетин убактылуу аткарып туруу үчүн Жылдыз Полотова дайындалган. 49 жаштагы Полотова буга чейин Баатырованын орун басары болуп иштеп келген.
Баатырова бул кызматка 2023-жылдын сентябрь айында бекитилген. Ага чейин саламаттык сактоо министри болуп да иштеген.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчисин алмаштырды