Радио

Мамытов: калкы аз Кыргызстан үчүн ЕАЭБге мүчө болуу абдан маанилүү

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов демографиянын экономикага тийгизген таасирин ачыктап берди.
Sputnik
Калктын саны көп болгон мамлекетте башкаруу саясаты туура жүргүзүлсө экономикасы да динамикалуу өсө алат. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, демографиянын экономикага тийгизген таасирин эки башка башкарууда болсо да Индия менен Кытайдын мисалынан ачык көрүүгө болот.
"Кытайдын экономикасынын дүркүрөп өсүп жатканына күбө болуудабыз. Индия болсо учурда дүйнөдөгү экономикасы күчтүү 3-мамлекет болуп калды. Бул эки өлкөнүн башкаруу саясаты, экономикалык кадамдары кескин айырмаланат, бирок бир жалпылыгы — бул калкынын санынын көптүгүндө. Калкы көп өлкө керектөөчүсү арбын дегенди билдирет да. Эмне гана өндүрбөсүн, өз рыногу, өз жумушчу күчү бар. Алыс барбай эле кошуна мамлекетти, Өзбекстанды алалы. 35 миллиондон ашык калкы бар, бизде 7 миллион. Өзбекстан эмне өндүрбөсүн, сатып ала турган керектөөчүлөрү даяр. Эгер Кыргызстан автомашина чыгарса экспорттоого туура келет. Ошондуктан Кыргызстан үчүн ЕАЭБге мүчө болуу абдан маанилүү. Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу уюм бизге керек. Ишкерлерибиз өндүргөн продукция же сырттан келген инвесторлор чыгарган өнүмдөр дал ушул рынокко кетет. Жыйынтыгында мамлекеттин казынасына каражат түшүп, өлкө экономикасы көтөрүлөт", — деди Мамытов.
Ал экономика илиминде 300 миллиондон ашуун калкы бар өлкө ички рыногуна таянып ири өндүрүштөрдү кура алары айтыларын кошумчалады.