Кызматташалы. БРИКСке ар кыл өлкөлөрдөн 30га чукул кайрылуу түшкөн

Уюм 2006-жылдын июнь айында Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында бул өлкөлөрдүн экономика министрлеринин катышуусунда түзүлгөн. Бирикмени түзүүгө Россия тарап демилге көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бир канча мамлекеттен кызматташуунун ар кыл формаларын сунуштаган отуздай кайрылуу азыркы учурда БРИКСте каралып жатат. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
"БРИКСте азыр ар кандай кызматташуу формаларын сунуштаган чоң, кичине жана орто мамлекеттерден болжол менен 30дай кайрылуу каралууда", — деген Лавров Биринчи каналдын эфиринде.
ТИМ башчысынын айтымында, БРИКСте өнөктөш өлкөлөрдүн категориялары да талкууланууда.
"Өнөктөш өлкөлөрдүн категориялары түптөлөт. Ал критерийлер жана ага талапкер боло турган өлкөлөрдүн көз карашынан алып караганда да майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлүшү керек. Азыр биз төрага катары жаңы мүчөлөрдүн БРИКСтин калыптанган формаларына жана салттарына ыңгайлашуусуна өзгөчө көңүл буруп жатабыз", — деп кошумчалаган министр.
БРИКС – Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикаларынын бейформал мамлекеттер аралык бирикмеси.
Уюм 2006-жылдын июнь айында Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында бул өлкөлөрдүн экономика министрлеринин катышуусунда түзүлгөн. Бирикмени түзүү демилгесин Россия тарап көтөргөн.
БРИКСтин максаты: глобалдуу экономикалык-финансылык кризистерден өтүү боюнча маселелерди чечүү, элдин бакубаттуулугун арттыруу жана жогорку технологиялык өндүрүшкө кадам таштоону активдештирүү.
БРИКСтин ишинин өзөгү 2010-жылдан бери жыл сайын өтүүчү саммиттерде кабыл алынып келген жасалчу иштердин пландарында каралган, ал эми ага кирген өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер кийлигишпөө, теңдик жана өз ара пайдалуу алакалардын негизинде курулат.
Эске салсак, 2023-жылы болгон саммитте кыркка чукул өлкө БРИКСке кошулууга кызыкдар экендигин билдирген, алардын жыйырмага жакыны кабыл алуу боюнча расмий түрдө кайрылган. 2024-жылдын 1-январынан тарта Иран, Сауд Арабия, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмирликтери аталган уюмдун толук мүчөсү болуп калды.
ЕАЭБ менен БРИКС дүйнөнүн глобалдык өзөгүн өзгөртүүдө. Серепчинин пикири