Rolls Royce, хан сарай. БНК май куюучу жайлар түйүнүнүн ээси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Бишкек нефть компаниясы" (БНК) май куюучу жайлар түйүнүнүн негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. камакка алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин калканычында болуп, уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп айыпталууда.
1 / 3

УКМК “Бишкек Нефть Компаниясынын” (май куючу жайлардын түйүнү) неиздөөчүсү жана ээсин кармады

2 / 3

Н.А.М. бизнесин жүргүзүү үчүн кримтөбөл Камчы Көлбаевден колдоо алыш үчүн анын уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө.

3 / 3

Атайын кызмат ишкердин мүлкүн жарыялады. Унаалардын арасында кымбат баалуу Rolls Royce да бар.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башка дагы тиешеси барларды аныктоо үчүн тиешелүү иштер улантылууда.
Атайын кызмат ишкердин мүлкүн жарыялады. Унаалардын арасында кымбат баалуу Rolls Royce да бар.
УКМК казакстандык миллионерге издөө жарыялады