Бишкекте "С" тамгасынын формасындай өзгөчө имарат курула баштады. Эскиз

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын жаңы административдик имаратынын курулушу башталганын ведомстводон билдиришти.
Салык кызматы билдиргендей, жети кабаттуу имарат "С" тамгасынын формасында болот.
"Имарат улуттук валюта — сомдун жана "салык" сөзүнүн "с" тамгасын символдоштурган, өзгөчө формада курулууда. Имараттын кабаттары бири-биринин үстүнө тизилген тыйын сымал болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Пресс-борбор
Бишкекте 100 объектинин сейсмикалык туруктуулугу текшерилди. Жыйынтык