Алымкадыр Бейшеналиев Петербургдагы форумда баяндама жасады

Министр калктын саламаттыгы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Алымкадыр Бейшеналиев XXVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) алкагында "Ден соолук экономикасы. Ден соолукту кантип натыйжалуу башкарып, жашоонун сапатын жакшыртуу керек" темасында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бейшеналиев баяндамасында калктын саламаттыгы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи.
"Мамлекеттик саясат саламаттык сактоо системасын "оору" моделинен "сергек жашоо образы жана ооруларды алдын алуу" моделине багыттоого, ошондой эле адамдын өз ден соолугуна кам көрүү жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү стратегиясы профилактиканы жана алгачкы меджардам көрсөтүүнү жакшыртууну камтыйт. Каржылоодо ар бир сакайган бейтап үчүн төлөө механизмин киргизүү пландалууда.
Министрдин айтымында, 2021-жылдан бери үй-бүлөлүк борборлор аймактык ооруканалар менен бириктирилип, кайра түзүлдү. Бул ресурстарды үнөмдөп, кызматтын сапатын жогорулаттты.
Темир Сариев: Кыргызстандын ЕАЭБге кириши утуш болду