Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөр сейсмикалык жактан туруктуубу — сапатына ким кепилдик берет?

Sputnik
2023-жылдын май айында министрлер кабинети Кыргызстандагы бардык көп кабаттуу үйлөрдү, анын ичинде курулуп жаткан имараттарды да сейсмикалык жактан туруктуулугун текшерүүнү тапшырган. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлүп, иш уланып жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугу кандай, анын талаптары, эрежелери сакталып жатабы, мыйзамсыз курулуштардын саны кандай? Маселенин чоо-жайын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов айтып беришти.