Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алгандар ККМден бошотулат

Sputnik
Кыргызстандын салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, акчалай төлөмдөрдү накталай эмес түрдө гана жүргүзгөн ишкерлер ККМди колдонбой эле иштей алышат. Бул жаңы нерсе QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар, мобилдик тиркемелер жана башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калкка төлөмдөрдү накталай эмес формада гана жүргүзгөн ишкерлерге тиешелүү.
Ушул жана жалпы эле ККМ аппараттарынын колдонууга киргизүү процесстери тууралуу Салык кызматынын Кассалык көзөмөл аппараттарын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору Айгерим Бактыгулова айтып берди.