Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Бишкекте саат 13:00!!! Эфирде жаңылыктар. Микрофондо Айтурган Сатиева, саламатсыздарбы.Алгач чыгарылыштан кыскача:КРСУ жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк рейтингине кирдиКыргызстандык мугалимдер "Чет өлкөдөгү мыкты орус мектеби" сынагына катыша алатРСК банкынын аталышы "Элдик банк" болуп өзгөрдү алдыда кененирээк Кыргызстандагы "РСК Банкы" ачык акционердик коому фирмалык аталышын өзгөрттү. Мекеме эми "Элдик банк" ачык акционердик коому болуп аталат. Улуттук банк аты өзгөргөнүнө байланыштуу ААКнын лицензиясын алмаштырды. Буга чейин РСК банкынын аталышы өзгөрө турганын президент жарыялаган. "Элдик банк" аркылуу мамлекеттик ипотека алгандарга баштапкы төлөм үчүн азан кредиттер берилет.
Бишкек ТЭЦиндеги авариядан жабыркагандардын бирине ЖЭБдин балансында турган үй берилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, 2-февралда борбор калаадагы ТЭЦтеги жарылуудан беш адам жабыркаган. Эртеси президенттин Ту-154 учагы менен эки кызматкер Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн. 9-майда алар Бишкекке кайтып келип, Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациядан өтүп жатышат. "Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчилиги ишкананын балансында турган үйдү жабырлануучуга берди. Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап, жалгыз багуучу болуп келген", — деп айтылат маалыматта. Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров ишкана мындан ары да колдоо көрсөтө турганын кошумчалады.
Кыргыз-Россия Славян университети ЖОЖдордун дүйнөлүк рейтингине кирди. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди. Аталган рейтинг билим берүүнүн сапатына, илимий ишмердүүлүктү жана окуу жайлардын аброюн баалоого мүмкүндүк берген критерийлердин негизинде түзүлгөн. 1 503 ЖОЖдун ичичнен КРСУ 851-орунду ээлеген. "Бул — биздин эмгегибиздин, биз берген билимдин сапатынын баасы. Аталган рейтингдеги кыргыз ЖОЖдорунун ичинен КРСУ алдыда экенине сыймыктанабыз жана алдыга жылуу үчүн аракетибизди көрөбүз", — деди Фомин-Нилов.Мындан тышкары, тизмеге Кыргыз-түрк "Манас" университети менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети дагы кирген.
Кыргызстандын мугалимдери "Чет өлкөдөгү мыкты орус мектеби" эл аралык сынагына катыша алышат. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлигинин эл аралык кызматташуу борбору билдирди. Аталган борбордун жетекчиси Сергей Малышевдин айтымында, Россиянын чегинен тышкары иштеген мыкты орус мектептеринин сынагы 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет."Былтыр ага КМШ, Европа, Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка, Латын жана Түндүк Американын 55 өлкөсүнөн 840 конкурсант катышкан. Эң көп арыз КМШ өлкөлөрүнүн мектептеринен түшкөн. Франция, Бельгия, Палестина, Вьетнам, Мадагаскар жана башка өлкөлөрдөн келген мугалимдердин уникалдуу методикалык иштерин көрүү да кубанычтуу болду", — деди Малышев. Каттоо 27-майдан 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Конкурстун катышуучулары педагогикалык маселелерди чечүүдө чеберчилигин көрсөтүшү керек. 31-октябрда жана 1-ноябрда "Эл аралык мугалим" жеке номинациясында жана "Орус мектебинин мыкты педагогикалык командасы" номинациясында жарым финал болот. Финалга чыккандар 7-10-декабрда Пятигорск шаарында өтө турган педагогикалык оюнга катыша алышат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар Москва шаарында тапшырылат.