ЖК кирешени ыктыярдуу мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узарткан долбоорду кабыл алды

Мыйзамдаштырылган мүлк үчүн салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдөр каралган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн парламент "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө мыйзамдаштыруу жана жеке жактардын активдерине мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей, мыйзам долбоору мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүн узартуу жана декларанттардын шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
"Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана активдерге мунапыс берүү жалпы декларациялоого өтүү алдындагы даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат. Өлкө экономикасын мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган чаралардын комплексин эске алуу менен активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартуу сунушталууда", — деди демилгечи.
Парламент мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Буга чейин кыргызстандыктарга 2023-жылдын июнь айында кабыл алынган "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана активдерге мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамды 9-июнга чейин колдонууга мүмкүнчүлүк берилген.
Мамлекет Салык кызматы декларантка активдердин сакталышы жана кылмыш жоопкерчилигинен коргоо боюнча бир катар кепилдиктерди берет деп ишендирген. Алардын бири — мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке жактардын (жеке ишкерлерден башкасы) салык органдарына тапшырган бардык салык отчеттору жок кылынат.
Мыйзамдаштырылган мүлк үчүн салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдөр каралбаганы белгиленди.
Пресс-борбор
Кыргызстанда 73 адам бир миллион сомдон төлөп активдерин мыйзамдаштырды