Соцобъект куруу үчүн менчик жердин категориясын которууга уруксат берилди

Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун депутат Марат Мураталиев демилгелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште социалдык обьектилерди куруу үчүн жерди бир категориядан экинчисине которууга уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун депутат Марат Мураталиев демилгелеген.
"Мыйзам долбоорунун негизги максаты — жер которуу процессин конкреттүү, ачык-айкын жана жөнөкөй кылуу. Ошондой эле мамлекеттик органдардын укуктарын так аныктоо менен жерди которууну жөнгө салууну өркүндөтүү", — деп жазылган негиздемеде.
Мыйзамга ылайык, жеке менчикте турган сугат жерди саламаттык сактоо, мектеп, бала бакча, спорттук комплекс, маданият, искусство багытындагы социалдык объектилерди жана чакан ГЭСтерди куруу үчүн калктуу конуш категориясына которууга мүмкүн болот.
Ал үчүн жеке же юридикалык жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү комиссиясына арыз берет. Анда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жердин категориясы жана өлчөмү, которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.
Арызга арыз ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү же болбосо юридикалык жактын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү, жер участогуна карата укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин көчүрмөсү, курулуш планынын эскиздик долбоору тиркелет.
Кыргызстанда мамлекеттик логопеддик борборлорду ачуу сунушталууда