Радио

Мамбетмусаева: Бишкекте театр менеджерлеринин фестивалы өттү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева 2-5-июнга чейин Бишкек шаарында өткөн Вахтангов театр менеджерлеринин фестивалы көп мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Sputnik
Вахтангов фестивалы театр менеджерлеринин иш-чарасы болуп саналат. Андагы адистер театрлар чыгарган продукцияны сатуу, таратуу иштерин жөнгө салат. Мындай эл аралык деңгээлдеги абройлуу фестивалдын Бишкек калаасында өтүп жатканы биздин театр ишмердүүлүгүн жакшы натыйжаларга жетелейт. Бул тууралуу Салтанат Мамбетмусаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фестивалга театр адистерин даярдаган окуу жайлардын жетекчилери да катышты.

"Вахтангов фестивалы Россия менен Кыргызстандын маданият министрликтеринин жана аталган ысымды алып жүргөн театрдын, ушул чөйрөдөгү башка мекемелердин уюштуруусунда өттү. Ал театр менеджерлигин өркүндөтүүгө багытталган. Бул тармакта биз россиялык кесиптештерибизден үйрөнө турган жагдайлар көп. Ошол эле билеттерди электрондоштуруу, аларды сатууну жолго коюу, таргет, жарнама маселелери, спектаклдерди көрүнүктүү кино актерлору аркылуу элге алып чыгуу сыяктуу иштерде тажрыйба алсак болот. Биз бул багыттарда бир топ долбоорлорду бирдикте ишке ашырууга жана айырмдары боюнча адистерибизди даярдоого макулдашууларды түзүүгө жетиштик. Чынында биздин өлкөдө таланттуу режиссер, артисттер болгону менен алар даярдаган продукцияны алдыга жылдыруу, сатуу, таанытуу багыты анча өнүккөн эмес. Өлкөдөгү ЖОЖдор да театр менеджерлерин даярдап чыгарбайт. Бул бир гана биздин эмес, мурдагы Советтер Союзуна кирген көптөгөн өлкөлөрдүн көйгөйү болууда. Театр менеджерлиги бизден айырмаланып Россияда жолго коюлуп калган. Мына ошондуктан мындай фестивалдардын бизге пайдасы чоң", — деди Мамбетмусаева.

Ал фестивалдын алкагында театр менеджерлигин түшүнгөн адистерди даярдоо боюнча да макулдашуулар болгонун кошумчалады.