УКМК издеген казак миллионер боюнча анын компаниясы билдирүү таратты

Кечээ УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун казакстандык ири ишкер каржылаган фактынын аныкталганы боюнча билдирүү тараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. "Казахмыс" компаниясы УКМКнын алардын топ-менеджери жана "Алтын Алмас", "Каражыра" компанияларынын акционери Владимир Жуманбаевге издөө салганы боюнча маалыматка комментарий берди.
УКМК кечээ "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн Казакстандын ири ишкерлеринин бири Жуманбаев каржылап келгени тууралуу фактылар аныкталды деп билдирген.
"Учурда Жуманбаев эмгек өргүүдө. Ал укук коргоо органдарынан качкан жок жана тергөөгө колдон келген жардамын берүүгө даяр", — деп билдиришкен компаниядан.
Аны менен катар эле Кыргызстандын сотко чейинки органдарынан "Казахмыс", "Алтын Алмас", "Каражыра" компанияларына расмий сурамдардын түшпөгөндүгүн айтышты.
"Компаниялар тобу ишин Казакстандын мыйзамдары менен алып барат жана өзүнүн кызматкерлерин укуктук жактан коргоо үчүн чараларды көрүүгө даяр", — деп кошумчалаган маалымат кызматынан.
Forbes-Казакстандын маалыматына таянсак, Жуманбаевдин мүлкү 365 миллион долларга бааланган.
УКМК: Көлбаевдин тууганы адам уурдоого шектелип кармалды