Радио

Туризмди санариптештирип, туристтер үчүн ыңгайлуу платформа түзүү керек

Туризм боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев Кыргызстандын туризмине заманбап санариптик технологияларды кошуу менен конок тосуу индустриясынын өнүгүшүнө жол ачыларын айтты.
Sputnik
Кыргызстан туризмди санариптештирүүгө көңүл буруп, туристтер үчүн ыңгайлуу платформа түзүп, анын ишин колдонууга жеңил кылуу зарыл. Бул тууралуу Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, глобалдык туристтик платформаларды туура колдонуп, алардын түзгөн мүмкүнчүлүктөрүн толук түрдө алуу зарыл.
"Соңку жылдары өлкөдө туризмди санариптештирүү процесси байкала баштады. Бирок биз санариптик көндүмдөрдү башкалардан кеч калбай өздөштүрүп, жайылтышыбыз керек. Мунун баары туристтерге тиешелүү маалыматтын, кызматтын жеткиликтүүлүгүн шарттайт. Туристтер үчүн дүйнөгө белгилүү атайын платформалар бар. Мисалга Booking, TripAdvisor, Lonely Planet дегендерди айтууга болот. Ага карабастан көпчүлүк өлкөлөр өзүнүн өлкөсү тууралуу мамлекеттик платформаларды иштеп чыгууда. Ал эми Кыргызстанда Туризм департаменти тарабынан Discover Kyrgyzstan деген сайт ачылып, өлкөдөгү бардык туристтик жайлар, маршруттар, мейманкалар тууралуу маалыматтар камтылганы менен колдонулушуна келгенде бир аз аксайбыз. Мындан тышкары, Destination Kyrgyzstan деп республиканын ар бир туристтик жерлерин тааныштырган платформа бар. Бирок мындай долбоорлорду таанытуу ишине, ыңгайлуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө көңүл буруу кажет. Анткени заманбап санариптик технологияларды кошуу менен конок тосуу индустриясынын өнүгүшүнө жол ачабыз", — деди Кадыралиев.
Адис ошондой эле бизнес үчүн акыркы санариптик инструменттерди берип, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.