Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Себеби

Батыштын бир канча өлкөлөрү Киевге ар кыл формада өздөрү берген курал менен Россияга чабуул коюуга уруксат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Москва Батыштын куралдары менен Россияга сокку урууга Киевге уруксат берилгендигинен улам 14-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Россия Батыш мамлекеттери өздөрү берген куралды Россиянын аймагына колдонууга уруксат бергенине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен 14-июнда жыйын өткөрүүнү сурады", — деп билдиришти РФтин БУУдагы атайын өкүлчүлүгүнөн.
Эске салсак, Батыштын бир канча өлкөлөрү Киевге ар кыл формада өздөрү берген курал менен Россияга чабуул коюуга уруксат берген. Тагыраагы, өткөн аптада АКШнын президенти Жозеф Байден Харьковдун кооптуулугуна коркунуч жараткан Россиянын аймактарындагы буталарды америкалык курал менен контрбатареялык күрөш жүргүзүү үчүн аткылоого Украинага уруксат берген. Бирок ыкчам-тактикалык ATACMS ракеталарын жана алыска атылуучу башка каражаттарга салынган тыюу күчүндө калган.
Кийинчерээк Германия өкмөтүнүн өкүлү Вольфганг Бюхнер Берлиндин Киевге Харьков чектерине жакын Россиянын территориясына немецтик куралдар менен сокку урууга уруксат берүү чечимин тасыктаган. Ал эми Германия Украинага курал-жарак жеткирүүчү катары жаңжалдын тарапташы болуп калбайт деп ЖМКларды ишендирүүгө аракет кылган.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альястын Улуу Британия баш болгон өлкөлөрү Киевге куралды башынан эле "эч кандай чектөө койбой" бергенин белгилеген.
Россиянын президенти Владимир Путин кечээ чет элдик ЖМКлардын өкүлү менен Петербургда жолугушууда Украинага алыскы аралыкка атылуучу куралдарды берип жаткан кадамдарга күтүүсүз же өзгөчө ыкма менен жооп болорун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Германиянын Украинага ракета берүү чечими боюнча үн катты