Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ президенти АКШ Зеленскийден качан кутуларын айтты

Ал Украинада мобилизация негизинен күч менен жүргүзүлүп жатканын, согушам дегендер аз болгондуктан элди көчөдөн кармап жатышканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. АКШ администрациясы Украинанын азыркы бийлигин, тагыраагы, Владимир Зеленскийди мобилизация боюнча жаш куракты 18 жашка чейин төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алууга мажбурлап, андан кийин андан кутулат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин ПЭЭФтин алкагында эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда билдирди.
"АКШ Украинанын азыркы бийлигин мобилизация боюнча жаш куракты 18 жашка чейин төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алууга мажбурлап, андан кийин Зеленский менен кош айтышат. Эми мунун баары дароо жасала калбайт, мыйзам кабыл алынышы керек. Азыр июнь болсо, мунун баарына бир жылдай кетиши мүмкүн деп ойлойм. Баарын жасатып туруп, жакшы бар дейт", — деген Путин.
Ал Украинада мобилизация негизинен күч менен жүргүзүлүп жатканын, согушам дегендер аз болгондуктан элди көчөдөн кармап жатышканын кошумчалаган.
Путин АКШда Трамптын куугунтукталышы, шайлоо боюнча суроолорго жооп берди