Шойгу: НАТО ЖККУ мамлекеттерине кирип келүү боюнча иш алып барууда

Катчы Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмуна жаралып жаткан кооптуулук "НАТОнун экспансиялык саясатынын уландысы" экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. НАТО ЖККУ мамлекеттерине кирип келүү боюнча иш алып барууда, андан сырткары, аба мейкиндигинде жасалган чагымдар көбөйдү. Бул туурасында РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети чогулган отурумда айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунда жаралып жаткан кооптуулук — "НАТОнун экспансиялык саясатынын уландысы".
"Жамааттык коопсуздук зонасынын түндүк жана батыш чек араларында альянстын аскерлери көбөйүп, курал-жарактын жаңы системалары жайгаштырылууда. Аба мейкиндигинде чагымчылык өсүүдө. Аскердик машыгуулар арбын өтүп жатат, анын ичинде ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына басып кирүү боюнча жасалгандары да бар", — деген Шойгу Алматыда ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Столтенбергдин Россияга сокку уруу боюнча айтканына комментарий берди