Нарын мамлекеттик университети да медиктерди даярдай баштайт

Абитуриенттерди кабыл алуу быйыл 20-июнда башталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде дарылоо иши факультети ачылганын аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, 2023-2024-окуу жылына карата окуу жайдагы аталган адистик алгачкы абитуриенттерди кабыл ала баштайт. Маалым болгондой, бул факультетте болочок медиктер алты жыл акы төлөп окуйт. Бюджеттик орундар да каралат.
Абитуриенттерди кабыл алуу быйыл 20-июнда башталары, окууга тапшырууну каалагандар +996 709 797976, 0708 459245 номерлери аркылуу байланышып, толук маалымат алса болорун айтышты.
Абитуриенттердин Россиянын ЖОЖдорунан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү бар