Радио

Жолдошов: буга чейин мамлекет тарыхый мурастарды изилдөөгө ири каражат бөлгөн эмес

Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын максаты тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо экенин айтты.
Sputnik
"Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы өзүнчө беш чоң бөлүктөн турат. Анда Кыргызстандын аймагындагы тарыхый эстеликтерди аныктоо, археологиялык изилдөө жүргүзүү жана мамлекеттик каттоодон баштап, оңдоого муктаж объектилерди реконструкциялоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул программанын курамына археолог, тарыхчы, архитектор жана искусство таануучулар кирди.
"Буга чейин тарыхый мурастарды изилдөө үчүн мамлекеттен ири каражат бөлүнгөн эмес. Мамлекеттик программалар жокко эсе болчу. 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы түзүлгөн. Ал жерде жети орчундуу багыт көрсөтүлгөн. Алсак, тарыхый мурастарды сактап, аларды туризм жаатында колдонуу, изилдөө жана эл аралык консервация иштерин жүргүзүү, ошондой эле бул тармактагы жаш кадрларды даярдоо камтылды. Бүгүнкү күндө өз ишин баштады жана ал 2027-жылга чейин уланат. Бул аралыкта кырк чакты чоң иш-чара аткарылат. Анын жыйынтыгында музейлерди куруу пландалууда", — деди Жолдошов
Ал аталган мамлекеттик программанын алкагында жаш кадрлар жана студенттер экспедицияларга активдүү тартылганын кошумчалады.