Пресс-борбор

Адис: быйыл Кыргызстанга былтыркыга караганда 10%га көп турист келет

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанга быйыл туристтер былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга көп келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев
Анын айтымында, келечекте туристтердин санын эмес, туризмдин, анын ичинде тейлөөнүн сапатын изилдөө керек.
"Биз туристтердин канааттануу деңгээлин, ошондой эле Кыргызстанда орточо эсеп менен канча акча короторун ойлонушубуз керек. Келечекте биз туристтердин санына эмес, сапатына умтулуп, тейлөөнү жакшыртууга өтүшүбүз керек. Туристтердин келүүсүн жасалма түрдө чектеген өлкөлөр бар, бирок алар көп акча таба алышат. Албетте, биз чектебейбиз, бирок жүк туура бөлүштүрүлүшү үчүн туристтердин багытын кеңейтүү зарылдыгын түшүнүү керек", — деди Усубалиев.
Радио
Сапаров: Кыргызстанда конок үй жана боз үй лагерлери жакшы өнүгүп жатат