Кыргызстанда Пушкин күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Видео

Бүгүн дүйнө улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин 225 жылдыгын жана Эл аралык орус тилинин күнүн белгилейт. Мунун урматына республика боюнча ондогон иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Sputnik
Пушкин күндөрүнүн ачылыш аземине карата КРСУнун башкы имаратынын жанындагы улуу акындын эстелигине Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бардык мүчөлөрү, башкача айтканда, өлкөдө жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү топтолушту.
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты. Ал орус тили Кыргызстанда өз маанисин сактап, кош тилдүүлүктүн алкагында бардык пландарды ишке ашырууга салым кошот деген ишенимин билдирди.
Элчи Россия Кыргызстанда орус тилин жана улуу акындын мурасын изилдөөнү колдой турганын белгиледи. Бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында орус тилдүү тогуз мектепти куруу маанилүү кадам болот.
Удовиченко ошондой эле Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгына кыргыз жазуучулары, анын ичинде Алымкул Үсөнбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматов да шыктанганын айтты. Өлкөдөгү көчөлөргө жана мектептерге Пушкиндин ысымы ыйгарылган.