Пекинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу келишимине кол коюлду

Жапаров көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар акыркы 2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун биргеликте куруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кол коюу аземи бүгүн, 6-июнда, Пекин шаарында Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда өттү.
"Сиздерди Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя менен куттуктайм. Бул долбоор "Бир алкак – бир жол" демилгесинин маанилүү бөлүгү болот. Темир жол Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин ташуулардын жаңы каттамдарына жол ачарын белгилей кетүү керек. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга ар тараптан оң таасирин тийгизери шексиз", — деди Жапаров.
Ал көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар акыркы 2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алганын белгиледи.
"Менин 2023-жылдын май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымдын жүрүшүндө урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумда бул темир жолдун курулушун тез арада баштоо зарылдыгы жөнүндө принциптүү өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Жолугушуунун жыйынтыгы маанилүү болуп, бул долбоорду ишке ашырууну олуттуу илгерилетүүгө мүмкүндүк берди", — өлкө башчы.
Жапаров үч тараптын биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкканын белгиледи. Андан кийин өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүк кабыл алынган.
"Үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул келишимдер бүгүн кол коюлуп жаткан өкмөттөр аралык макулдашуунун негизин түзөт. Долбоор Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын ортосундагы жаңы доордо баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында кызматташуунун символу болот. Евразия мейкиндигинде бул негизги континенталдык көпүрөнү түзүү биздин элдерге олуттуу пайда алып келет", — деди өлкө президенти.
Жапаров темир жолдун курулушун баштоодо ийгилик каалады.
Кыргызстанда ири темир жол порту салынышы мүмкүн