Кыргызстан — Малайзия футболдук беттешине байланыштуу бүгүн айрым жолдор жабылат

Оюнга 15 миңдей күйөрман келери күтүлүүүдө, мындан улам 2 миң 600 тартип сакчы коопсуздукту камсыздайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан — Малайзия футболдук беттешине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул милициясынан билдиришти.
Төмөнкү көчөлөрдө автокыймыл саат 14:00дөн тарта чектелет:
Фрунзе көчөсү Исановдон Панфиловго чейин;
Тоголок Молдо көчөсү Чүйдөн Фрунзеге чейин.
Айдоочуларга абалды түшүнүү менен кабыл алып, маршруттарды алдын ала пландап алуу сунушталды. Ал эми Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынан оюнга 15 миңдей адам келери күтүлүп жатканын, 2 миң 600 тартип сакчы коопсуздукту камсыздай турганын маалымдады.
Белгилей кетсек, бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы малайзиялыктар менен беттешет.
Кыргызстан — Малайзия. Ташиев улуттук курама менен жолугуп, ийгилик каалады