Бишкекте экинчи ирет эл аралык ири кинофестиваль өтөт

Иш-чара быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 11-июндан 15-июнга чейин Бишкек эл аралык кинофестивалы экинчи жолу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган.
"Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200дөй кинематограф келери күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 30дан ашуун кинокартина көрсөтүлүп, беш мастер-класс уюштурулат. Кинофестивалдын программасында Борбор Азия жана эл аралык сынактар, ретроспективалык кинолор көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кинофестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль алгачкы ирет былтыр 17-21-ноябрь аралыгында өткөрүлгөн. Иш-чара улуттук кинонун кадыр-баркын жогорулатуу, кыргыздын мыкты кинокартиналарын жайылтуу, кинематографисттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулганы белгиленген.
Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды