Кыргызстан CASA-1000 боюнча өз аймагындагы иштерди дээрлик соңуна чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында өз аймагындагы иштерди дээрлик соңуна чыгарды. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын маалымат кызматы билдирди.
Ишканадан билдиришкендей, жолдорду төшөө, чуңкурларды казуу жана фундаменттерге бетон куюу иштери толугу менен аяктады.
1 / 3

Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында өз аймагындагы иштерди дээрлик соңуна чыгарды

2 / 3

Ишканадан билдиришкендей, жолдорду төшөө, чуңкурларды казуу жана фундаменттерге бетон куюу иштери толугу менен аяктады

3 / 3

CASA-1000 Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирет. Бул электр энергиясын сатууга мүмкүндүк берет.

"Азыр энергетиктер зымдарды тартууда. Иш 76 пайызга бүттү", — деди ишкана.
CASA-1000 Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирет. Бул электр энергиясын сатууга мүмкүндүк берет.
Жыл соңуна чейин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык жыйынтыкталат