КРдин футбол командасы дүйнө чемпионатынын тандоо туруна бүгүн өтө албай калды

Курама команда кийинки турга өтсө 2027-жылы боло турчу Азия кубогуна дагы жолдомо алмак.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына бул сапар өтө албай калды. Бирок дагы бир тур бар.
Бишкекте өткөн Малайзиянын курама командасы менен болгон беттеш 1:1 эсеби менен аяктады. Оюн адеп башталганда эле курама командадан Гүлжигит Алыкулов эсепти ачкан. Андан кийин өзүбүздүн оюнчулардын бири дарбазага топ киргизип алды.
Экинчи раунддун беш оюнунан кийин D тайпасында абал төмөнкүчө:
Оман — 12 упай;
Кыргызстан — 10;
Малайзия — 7;
Кытай Тайбэйи — 0.
Эми бардыгы акыркы турда чечилет. Бирок "Ак шумкарлар" үчүн кыйын болчудай. Аларды Оман менен сырттагы оюн күтүп турат, ал эми Малайзия өз талаасында аутсайдер Кытай Тайбэйин кабыл алат.
Ар бир тайпанын алдыдагы эки командасы дүйнөлүк чемпионатка тандоонун үчүнчү айлампасына чыгат да, автоматтык түрдө 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алышат.
Мектептерде футболду өнүктүрүүгө көп көңүл бурулмакчы. План